"Жаңы толкун-2014": Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу жаңы чыгарылган ырын тартуулашат

Латвиянын Юрмала шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун-2014" сынагынын алкагында бүгүн, 26-июлдан 27-июлга караган түнү сынактын үчүнчү күнү орун алып, анда катышуучулар жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.

"Style Mix" триосу сөзү москвалык акын Вениамин Борисовго, обону топтун мүчөсү Адилет Эркинбек уулуна таандык “Жыргал күндөргө умтулуу” ырына обон созушат.

Аталган топ дүйнөлүк хит сынагында британиялык ырчы Jessie J`нин “Price tag” ырын аткарып сынакты ачып беришкен. Өз өлкөсүндөгү хит сынагында болсо “IOWA” тобунун “Жылмай” (“Улыбайся”) ырын ырдашкан. Эки күндүн жыйынтыгы боюнча "Style Mix" триосу германиялык ырчы Глэдис Мвачитини гана артка калтырып, акыркы орундан бир тепкич алдыда келе жатат. 

Быйыл сынакта Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен 16 жаш аткаруучу ат салышууда.

"Жаңы толкун" жаш музыка аткаруучулардын эл аралык сынагы Юрмалада 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынакты өткөрүү идеясы композиторлор Игорь Крутой менен Раймонд Паулска таандык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aikol87
2014-07-26 22:37:18
Охоо Жакшыго. Куттуктайм!!
+2
nasi81
2014-07-26 22:50:44
Абдан кубанычтабыз. Куттуктайбыз.
+2
Aselya_9105
2014-07-26 23:35:25
STYLE-MIX ийгилик силерге!!!!!!
+2
Ulanbek1992
2014-07-26 23:38:39
Анжелика колдоп барган го аларды:-)
0
aguni
2014-07-27 00:32:59
Урааа-аааа "Style Mix" Алга!!!
+1
nurizka..
2014-07-27 02:09:00
Алга Кыргызстан ,Алга "Style Mix" биз силер менен!
0
Ulanbek1992
2014-07-27 02:35:29
Ийгилик...
+1
sagyn01
2014-07-27 04:43:07
Токсон жолу ийгилик каласак деле барибир акыркыны бироого беришпейт
0
ACAH
2014-07-27 07:39:02
Акыркы орундан бир тепкич жогору деген бул эн начар корунуш.....бизде таланттуу адамдарыбыз коп эле болчу...
+2
Gaydana
2014-07-27 08:46:45
"Эн башкысы жениш эмес, катышуу". Азаматсыздар! Ушундай денгээлге которулуунун озу жениш*Би3 сиздер менен сыймыктанабыз))
-1
chychkan
2014-07-27 13:04:22
Мен тушунбодум,Кыргызстан эн акыркы оорун алган учун куттуктап жатасынарбы?
0
Tahminam
2014-07-27 14:40:01
Оз олкосундогу хит ыр болсо ушу группа мн чыгуу керек беле Город 312 бар го ошолор мн чыгышса болбойт беле
0
omurbek.rahmstov56
2014-07-27 18:12:48
Окурмандар,кой антпегиле,тушунуу менен мамиле жасагыла, биздин балдар-кыздар Германиянын ырчысын артка калтырышыптыр го. АЗАМАТСЫНАР, не падайтедухом!!
0
ermekbaevna
2014-07-28 20:22:37
уууфффф дагы Анжелика тыгылыптыр да ортого, кайда барба тыгылат.... бесит уже!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан