Ырчы Назгүл Токтакунованын “Ачууга алдырба” аттуу чыгармасына тартылган клиптин бет ачары болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-июлда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде ырчы Назгүл Токтакунованын “Ачууга алдырба” аттуу клибинин бет ачар аземи өткөрүлдү. Чыгарма продюсер Эрнест Үметалиевдин “Классташтар KG” тасмасына саундтрек катары жазылган. Аземге кыргыз шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү, ырчылар Максат Бегалиев, Нурмат Садыров, Айбек Замиров, Бегиш, Чолпонай, Юлия Руцкая, Айжан Газиева, актёр Бектемир Мамаюсупов, телеалпаруучу Зарина Хасанова жана башкалар келип куттукташты.

Иш-чарада оюн-күлкү тартуулаган сынактар уюштурулду. Ошондой эле келген коноктор чакан концерт тартуулашып, кечени шаңга бөлөштү. 

“Тасмага белгилүү кыргыз эстрада жылдыздары тартылган. Анын бет ачары сентябрь айында болот. Ушул кинодон кадрларды алып Назгүлдүн клибин тарттык. Буга чейин бир да клипке пафос кылып бет ачарын уюштурбай, дароо эле коомчулукка көрсөтүп келгенбиз. Бул да болсо сахналаш досторду чогултканга бир шылтоо экен. Азыр клип эл сынына коюлганы турат, баарына жагат болуш керек”,- дейт Чолпонай.

“Негизи, тасманын идеясын мен айткам. Бул менин жашоомдон алынган десем болот. Мектепте окуп жүргөндө эки курбу кыз тымызын бири-бирине ичи тардык кылышат го. Менде да ушундай болгон. Бул ыр тарбиялык мааниде болсун дедик. Анткени чоңойгондо кичинекей кездеги жоруктар акылга сыйбаган иш болуп калат экен, ошондуктан мындай нерсеге убакытты кетирүүнүн кажети жок деген мааниде бул ыр, тасма жаралып, клип тартылды. Ырдын сөзү ырчы Бегишке, обону Мирлан Абдраеге таандык”,- дейт Назгүл Токтакунова өз сөзүндө.

Ачууга алдырба
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
spanchik
2014-07-28 08:45:22
hmm... jakshy boluptur...) yigilik kaalaibyz!!! biz kachan korobuz???
0
admin_portal
2014-07-28 09:27:29
spanchik, Саламатсызбы!
Бир аз убакыттан кийин биздин порталдан көрө аласыз.
0
menedjer
2014-07-28 09:38:42
Чолпонай озгоруп кетиптирго...(жакшы жакка)
0
Kuali
2014-07-28 10:26:42
ырчылар эле кобойуп кетти го саны бар сапаты жок болуп ушул дагы ырбы бул ырчы айым ким озу кененирээк маалымт берип койсонуздар
0
Maral-kg
2014-07-28 10:33:08
Kuali, Кээ бироолорго салыштырмалуу соп сонун эле ырчы. Бул жактан окуп кор: http://www.super.kg/article/?article=28363
0
Gulzhan
2014-07-28 13:48:36
Супер клип,мага жакты.
0
Elaman-kg
2014-07-28 15:00:10
Мактоого татыктуу деле эмес ыры деле жакшы эмес
0
ermekbaevna
2014-07-28 20:15:27
Клиптин бет ачарын шылтоолоп, мындайча айтканда ырчылардын отурушу экен да....
0
Mushker2013
2014-07-29 04:13:18
Эмне деген ыр бул...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан