Ош шаарында өткөн жылдын 6 айына караганда быйыл кургак учук менен ооругандардын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 2013-жылы январь-июль айларында 114 адам катталса, быйыл 134 учурга көбөйгөн. Мында көрсөткүч 20 оорулууга өскөн. Ал эми балдардын арасында 2 оорулууга көбөйгөн.
Бирок жугуштуу оорулар боюнча абал стабилдүү. 33 жугуштуу оору болсо, 19 түрү шаарда катталган.