Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташууда

Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташууда. Бул тууралуу шаар тургуну бүгүн, 28-июлда билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксинин жоктугунан жумушка бара албай калган. Ошондой эле ал кандайдыр бир белгисиз топ кээ бир маршруттук таксилердин айдоочуларын “айнегиңди сындырып салабыз” деп коркутуп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү түшүрүп жатканын айтты.

Бул боюнча 130-каттамдагы маршруттук таксинин бригадири менен байланышканыбызда ал: “Бүгүн шаар боюнча көпчүлүк каттамдагы маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыгышкан жок. Алар күйүүчү май кымбаттап, эмгек акталбай жатканын айтышууда. Бирок мен балдарды жумушка чыккыла дегем. Эмнегедир аларды белгисиз бирөөлөр жолдон тосуп алышып коркутуп, элдерди түшүрүп жатышыптыр”,- деди.

Жол кире 15 сомго көтөрүлүшү мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
beka88
2014-07-28 09:55:29
учунчу кучтор да алар,эртен ошентип чыгышат коросунор
+3
Tentek1
2014-07-28 10:13:49
Алар кимдер экенин бир заматта тапса болот да.
0
Kuali
2014-07-28 10:16:14
эми жол кире кымбаттайт окшойт 15 сом болуп
-1
doni89
2014-07-28 10:19:17
Кыргызстаныбыз да эмнелер болуп жатат кыргыз элим жерим аман эле болсо болду эми.
0
sherbolot
2014-07-28 10:45:57
15 сомго сунган кызматтары татыктуубу??? тейлөө сапатын машруткадагы орундарды түздөп оңдошсун тазалашсын андан кийин смело 15 сом төлөөгө даярмын!!!
0
LISICHKA
2014-07-28 11:27:54
sherbolot, Мейли сен толо 15 сомдон,калган карапайым эл кантет,эл которулушко чыгат.Ойноп суйлосон да ойлонуп сулосон.
+1
sherbolot
2014-07-28 11:36:45
LISICHKA, мен азырынча 10 сомдон төлөйм, анткени азыр эле маршруткада тейлөө сапаты жакшырып кетпейт, мен ойлонуп эле сүйлөп жатам
0
LISICHKA
2014-07-28 13:46:01
sherbolot, анан эмнеге айтып жатасын оозунду толтуруп 15 сомдон толоого даярмын деп,эл даяр эмес,элдин баары шок болуп жатат,айлыкты москвадай кылып 30-40 мин кылып коюп анан кымбаттатсын.80-90 мин алган москвичтердики 20-30руб,ошону дагы кымбат дешет.
-1
edico22
2014-07-28 10:55:41
Дордой базарынын тегерегиндеги жаны конуштарда, айдоочула жолду тосуп, маршуртарды таш менен чапкылап, ичиндеги кишилерин тушуруп салып жатышат!
0
sherbolot
2014-07-28 11:41:50
edico22, көк мээлер го, андайларды соттош керек, бирөөнүн мүлкүнө коопсуздугуна залака тийгизип жаткандыгы үчүн
0
LISICHKA
2014-07-28 11:25:29
Окмот куйуучу майды кымбаттатса,айдоочулар жол кирени кымбаттатса,балээге калган баягы эле карапайым эл,аларга айлыкты ким кымбаттатат.Алган айлыкты жалан жол киреге толоп,бала-чакан м-н шамал жутуп жашайбызбы?Окмот орттрнуп кетсин ылайым,элдин каргышы ондурбайт буларды.
+4
nasi81
2014-07-28 12:41:37
LISICHKA, Созуно 100% кошулам.
0
aksy.kg
2014-07-28 11:48:01
эмне айдоочулар эл эмеспи которсо которсун жол кирени болбосо майды арзандатсын.
+1
LISICHKA
2014-07-28 12:28:50
aksy.kg,айдоочулар дале эл,бирок алар ошол которгон акчасы менен жашайт,сенин чонтогундо 15 сом болсо,аны айдоочуга берип койсон,калган кунду кантип жашайсын.Ойлобойсунбу ошону.Жол кирени которбой,куйуучу майды арзандатканын тилеш керек.Болбосо эл толкуп,дагы которулуш болот,ошол жакшыбы?
0
narzulla
2014-07-28 12:01:55
Майдын кымбатташынан эмес жакында жаңы закон жазышып Президент кол коюптур. Эми закон боюнча маршруткада канча орундук болсо, ошончо жүргүнчү алууга укуктуу, эгерде андан ашса 3000 сом айып пул төлөйт экен.
0
ayildik_kiz
2014-07-28 12:02:10
Кудайдын ыйык кунундо ушундай жоорука барып жатышабы
0
tiletork
2014-07-28 13:12:22
Ээ клиент бергенде да кичине шарит эти кеоек да, куйуучу майды окмот алып клип атабы, же бизнесмендерби, биздин бизнесмендер, комерсанттар, базарчыларга кичине эле бир нерсени угуп алышса шарт эле бааны которуп жибергенди аябай уйронушту, маршрутка айдоочулар бананы котор дер иш таштап атыщат да а близ аны кайра эле окмоттон коробуз
0
gulmi
2014-07-28 15:21:02
tiletork, окмот чек арада токтоптурган майдын маселесин чечиши керек,газ маселесин чечиши керек,чече албаса эмнесине окмот?
0
sema.
2014-07-28 15:15:47
a kistalak baiagi ele bakiev kynolyby ana ywyndai bolot.
0
guest
2014-07-28 18:51:53
Окмот эмне сокур же дулой болуб калганбы, ушу маселени чече албай. Маршруткалар иштебей койсо жашоо токтоб калмак беле, автобус и троллейбусду кобойтуш керек. Тем более маршруткалар талапка жооб бербейт.Кишини да оло прес кылыб салышат.Болбосо Бишкектин калкынын саны миллиондон ашты жок дегенде 2 линия метро салуу чечимин да карашса болмок.себеи миллион калкы бар шаарга метросалынса ал ошо расходду актайт деб чет элдикдер айтыб атышбайбы.
0
Chika78
2014-07-28 18:53:44
Дагы эле жапа чеккен карапайым эл..
0
gulmaray
2014-07-28 21:58:24
Маршруттук айдоочуларда эмне куноо ай сайын мамлекетке акча тогушот.бригадирге чотур беришет.ГАИ ишниктер жолдон тосуп акча алышат.Жургунчулордон ар кандай согуу угушат.Шаг сайын токтош керек болот.Тушунуш керек аларды. Бугун марш.жок баарыбыз кочодо калдык го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан