Кечээ, 27-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Мекендештер-2014” форумунун алкагында регата (кайык жарыш) боюнча "Ысык-Көл гран-при-2014" мелдеши өттү. Анда 5 команда “Кайсер”, “Форейтор” жана “Антарекс” яхталары менен катышышты.
Регата 2 бөлүктөн туруп, алардын жыйынтыктары боюнча “Кыргызстан” аттуу команда ("Бриз" яхтасы) жеңүүчү болуп, кубок менен сыйланды. 2-орунду "Суу шайтандары" командасы ("Форейтор" яхтасы) ээледи. Ал эми коло медалды "Альянс" командасы ("Кайсер" аяхтасы) жеңип алды.
Айта кетсек, регата боюнча "Ысык-Көл Гран-При" мелдеши 2012-жылдан тарта жыл сайын өтөт.