8-августта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Көчмөн лагерь искусствосу" аттуу долбоордун алкагында “Өткөндөн келечекке карай” аттуу көргөзмө ачылат.
Көргөзмөгө аталган долбоордун алкагында жасалган эмгектер коюлат. Бул долбоор 28-июлдан 3-августка чейин Жалал-Абаддын Сары-Челек көлүндө башталат. Долбоордун башкы максаты - кийинки муундун негизги ресурсу адам менен жаратылыштын ортосундагы гармония экендигин коомчулукка жеткирүү.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Швейцария жана Германия мамлекеттеринин жаштары катышат.
"Көчмөн лагерь искусствосу" – руханий жана маданий мурастардын символу, маданияттын көп түрдүүлүгү жана искусствонун багыты. Бул биомаданий ар түрдүүлүк боюнча идеяларды ишке ашырганга шарт түзөт.