Кыргызстанда Орозо айт майрамы 29-июлда болот. Башка мусулман өлкөлөрүндө бүгүн белгиленүүдө

“Ар бир мамлекет Орозо айт кайсы күнү белгиленерин өз алдынча чечет. Кыргызстандын муфтияты бул майрамды 29-июлга белгилеген”. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди.

Анын айтымында, КРнын Өкмөтү Орозо айтты 28-июлда майрамдоону сунуштап, тиешелүү токтом чыгарууга ниеттенген. “Муфтият өкмөткө “Айды көрүп чечим чыгаралы” деп аны күттүрүп, жыйынтыгында майрам 29-июлга белгиленген. Мындай чечимди муфтият шарияттын өкүмүнө таянып чыгарган. Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын аймагында Ай көрүнгөн эмес”,- деди А.Саипов.

Айта кетсек, бүгүн, 28-июлда Сауд Арабия, Түркия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Кыргызстанда Орозо айтты 29-июлда белгилөө боюнча муфтияттын чечимине айрым интернет колдонуучулары нааразы болушууда. Өткөн жылы да Орозо айттын кайсы күнү белгиленери боюнча маселелер жаралган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW
2014-07-28 13:39:16
Бүгүн айт окулуп бүттү эртең окулганы өтпөйт. Анткент айт дүйнө жүзү бойунча бир ган күндө ай көрүнгөндүн эртеси болот.
Бүгүн орозо кармаган арам. Максат ажыңар президенттен коркуп эле ушундай фатва чыгарып жиберди. Дүйнө жүзү бүгүн айтты майрамдап жатат. Эмне Максат ажы алардан да илимдүү бекен өзү билгидей?!
-5
kursantbek
2014-07-28 13:47:38
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW, ушул жергеда президент кунолуубу а бул нерсенин президенте Кандай тийешеси бар ???
+5
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW
2014-07-28 14:55:13
kursantbek, Түздөн-түз тиешеси бар!
-3
kursantbek
2014-07-28 17:56:44
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW, Кандай тийешеси айтчы сен коруп билип турасынбы ???
0
brend007
2014-07-28 14:16:34
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW, Сиз ниетинизди туура кылсаныз болду. Калганын муфтият мойнуна алат. Жоопту ошолор берет акыретте туура туура эместигине.
0
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW
2014-07-28 14:57:01
brend007, Арам экенин билип туруп ээрчигендер да муфтийден кем эмес күнөө алышат!
-1
Мэри
2014-07-28 14:03:39
Нааразы болушат да, анткени Кыргызстанда Айт качан экенин так аныктап бере албай, элди адаштырышты да. Бул муфтияттын гана катасы, анткени Айдын чыккан-чыкпаганын алар телефон аркылуу Арабиядан сурап билишмек (өздөрү ушундай маалымат таратышкан). Демек, алар өз иштерин жакшы билишпейт экен да...
0
bossmos7
2014-07-28 14:12:49
Баш айлантпай! Ишине тын болбойбу???
+2
Oleg-Ummati-Muhammad-SAW
2014-07-28 14:58:10
bossmos7, Адамдын азабын Кудайдын азабынан жогору койуп алган да....
0
oken02
2014-07-28 14:55:39
баары эле жетелеме болуп калышкан да...
0
mamyt_92
2014-07-28 15:02:06
Эл катары еле окуулса болмок екен
+1
admin_portal
2014-07-28 15:51:56
sema. - талкуудан алыс билдирүүсү үчүн эскертүү!
0
kaytmas
2014-07-28 16:19:15
эки жагына карап иш кылбайбы анан озунчо озгочо болуп бир кун кийин кылбай муфтий дагы.
+2
mirbakg
2014-07-28 17:14:31
Ушу кантип болсун эми !! Мусулман олколор мн чогу эле майрамдап койсо болотта !!!
+2
urmat_88-kg
2014-07-29 03:03:58
Мусулман олколор менен чогу майрамдаш керек болчу. Эми динди ойунчук кылып баштадынарбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан