КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда адамдардын өлүмүнө кан айлануу системиндеги дарттар себеп болууда.
Кан айлануу системине байланыштуу ооруга чалдыккандар боюнча көрсөткүч 51,2 пайызды түзсө, шишиктер 10,3 пайыз көрсөткүч менен экинчи орунда. Ал эми сырткы таасирлерден - 8,3 пайыз, тамак сиңирүү органдарындагы дарттардан - 7 пайыз, дем алуу органдарынан - 6,7 пайыз, жана инфекциялык ооруларга чалдыгып көз жумгандар - 2,2 пайыз. Маалыматта белгиленгендей, республикадагы калктын санынын өсүшү 0,8 пайызга барабар болуп, 5 миллион 824 миң адамды түздү. Алардын ичинен 32,3 пайызы балдар жана өспүрүмдөр, жумушка жарамдуулар 61,1 пайызды, жумушка жарамдуу курактан жогорулар 6,6 пайызды түзүүдө.