Орусия, Тажикстан, Беларусь жана Армениянын аскерлери достук машыгууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга келишти

Орусия Федерациясынын, Тажикстан, Беларусь жана Армения Республикаларынын аскердик контингенттери жана аскердик техникалары Кыргызстанга "Бузулбас достук-2014" аттуу машыгууга катышканы келишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Орусиянын тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти өздөрүнүн аскердик техникасы менен Пишпек-1 темир жол станциясына келип түштү. “Ак-Тилек” чек ара пунктуна Казакстандын аскердик контингенти да өз аскердик техникасы менен келишти. Мындан тышкары Армения, Тажикстан жана Беларустун тынчтыкты сактоочу аскердик контингенттери Кант шаарындагы аэродромго аскер учактары менен учуп келишти.

Айта кетсек, ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн “Бузулбас достук-2014” биргелешкен машыгуусу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
barsa1984
2014-07-28 17:25:50
Тажиктер менен анда-санда чырласа коюп атыша кетип жатсак кайдагы "Бузулбас достук"...!?
+4
kakebrat
2014-07-28 17:45:14
Калп эле азилдешип атышып чырдашып койсо керекда ошол маалдары
-2
bIHTbIMAK
2014-07-28 18:13:26
barsa1984, kakebrat.
Жамандын ойу жаман демекчи. Ойунарга келгенди оттой бересинерби? ЫНТЫМАКТА болсонор!
+2
kakebrat
2014-07-28 19:27:55
bIHTbIMAK, эч кандай жаман ой жок жазганымда болгону чындыкты айтым, анча мынча атышып чыр чыгып жататго
-1
kaarman89osh
2014-07-28 19:48:25
Жеандар жокго
-1
semakg
2014-07-28 23:02:09
Тиги биздин курсагы томпойгондор аскер кызматкерлери эми коруп жаткансып видеого, суротко тартканына жиним келтат форманы уят кылып.
+2
admin_portal
2014-07-29 11:40:08
wizard - 3 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан