Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев жана Тажикстандын УКМКсынын чек ара түзүмдөрүнүн башчысы Ражабали Рахмонали жетектеген делегациялардын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар 2014-жылдын 10-июлунда Баткен облусунун Тамдык айылында болгон ок атышууну жана анын себептерин талкуулашып, алдын алуу чаралары сүйлөшүлдү. Жыйынтыгында аталган окуя боюнча прокуратуралардын түзүмдөрү тарабынан тергөө жүргүзүлөрү боюнча чечим чыгарылды.
Мындан тышкары чек ара аймактарына жакын жайгашкан аскерлердин санын азайтуу маселеси каралды. Ошондой эле Тамдык (Кыргызстан) – Бедак (Тажикстан) айылдардын аймактарын коргоо боюнча чечим чыгарылды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз жана тажик тарап чек араны коргоо максатында кабарлашуу жана маалымат менен бөлүшү боюнча протоколго кол коюшту.