Ырчы Максат Бегалиев: "Кесибим боюнча алган дипломумдун үзүрүн көрүп, шоу чөйрөнү колго алайын деп турам"

Ырчы Максат Бегалиев көптөн бери кыргыз шоу дүйнөсүндө көрүнбөй калган эле. Бул аралыкта мамлекеттик башкаруу жаатында алган билиминин үзүрүн көрүп жатканы тууралуу ырчы бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

“Сахнадан алыстаганымдын себеби, алган дипломумдун үзүрүн көрүп, өз кесибим менен иштеп көрүүнү чечтим. Мамлекетти башкаруу адистиги боюнча окугам, ал жагын да өздөштүрүп алдык. Эми шоу чөйрөнү колго алайын деп турам. Ар жылы концерт берүүгө ниет кылып, бирок өз жумуштарыма байланыштуу бербей келем. Буюрса, быйыл октябрь же ноябрь айында отчёттук концертимди бергени жатам. Концертти башкача стилде коюу максатында шаңдуу ырларды жаздырып, алгачкы даярдыктарды көрө баштадым”,- дейт Максат Бегалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nargiz_96
2014-07-29 12:06:24
дагын ким болду ырчы болбогон мен эле калдым окшойт
+3
meninmekenim
2014-07-29 12:27:34
Шоуну колго алгандай сага кой же уй беле? Колдон келген эле иш жазачы! Бир эл уга турган ырын барбы? Биир эле ырын болсо кана? Толк чыкпаган ишке эмне азап дейм да чуркап.Аракет кылып кор королу
+1
I_LOVE_MY_KYRGYZSTAN_KG
2014-07-29 12:44:35
Ха ха а а а а
+2
Pozitiff
2014-07-29 13:49:30
"Шоу чойрону колго алып" десе ойлоптурмун шоу чойросун башкаруу же башкача бир жанылык киргизуу сыяктуу иш го деп )))) ой боорум
+2
strong01
2014-07-30 00:06:06
kaysi yryn yrdait eken?
0
mi-li-na
2014-07-30 00:47:06
Кулакка илинээрлик ыры жок чынында кайсы ырды ырдайт экен. Жакшысы ошол биринчи диплому мамлекетти башкаруу адистиги боюнча иштесе ошол дурусураак го дейм...
0
erkele
2014-07-30 02:51:14
Концертине ким барат дейм да,эч бир ырын билбейт экенмин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан