Бүгүн борбордогу иш таштоого чыгышкан маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан өз иштерин улантышат. Муну бүгүн, 28-июлда Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов SUPER.KG`ге билдирди.
Атыканов маршруттук таксилерге жол кире азырынча көтөрүлбөй тургандыгын да айтты.
“Биз шаардагы айдоочулардын бригадирлерин чакырып сүйлөштүк, алар шаардагы төрт райондун маршруттук таксилеринин айдоочулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айрым райондордогу маршруттук каттамдар кайрадан ишке кирет. Ал эми жол кирени көтөрүү маселеси боюнча документ шаардык депутаттарга жете элек. Качан депутаттар документти карап, бир чечимге келгенде гана белгилүү болот”,- деди Атыканов.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен борбордогу кичи автобустардын айдоочулары иш таштоого чыгып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин жогорулата тургандыктарын айтышкан.