Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарындагы эски аянтта Айт намазы окулду. Ага ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.
Намазга жыгылуу саат 7:30да башталды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баш болгон дин аалымдары келишти. Алгач муфтияттын кызматкерлери тарабынан Айт намаздын шарттары жана куттуктоо сөздөрү айтылды. Айт намазын окууга 50 миңден ашуун эл катышты.