Бүгүн, 29-июлда Ош шаарындагы борбордук аянтта Айт намазы окулуп, келген элдин саны 10 миңге жетти.
Ага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, вице-мэр Замирбек Аскаров, Жапар Ормонов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана бир катар шаар тургундары, ошондой эле дин өкүлдөрү катышты.
Анда шаар казысы Убайдулла Сарыбаев бир жылдагы 12 айдын 1 айын Кудайга арноо чоң эрдик экенин айтып, келген элди Айт майрамы менен куттуктап өттү. Ошону менен катар шаар жетекчилери да кыргыз элин Айт майрамы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.