Бүгүн, 29-июлда эртең менен Кыргызстандын аймактарында Айт намазы тынч өттү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына өлкөдөгү облустардын Ички иштер башкармалыктарынын басма сөз кызматтарынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө аймагында эч кандай эреже бузуулар катталган жок. Мындан тышкары мамлекеттин борборлору
Бишкек жана
Ош шаарларында да Айт намазы тынч өттү.