Бир катар жагымдуу ырлардын автору
Топчубай Айтмаматов Орозо айт майрамында уулдуу болду. Тактап айтканда, 28-июлдан 29-июлга караган түнү Ноокат районунун төрөт үйүндө ырчыга келинчеги
Минура үчүнчү наристесин белек кылды.
Бул тууралуу ырчы өзү SUPER.KG порталына бүгүн, 30-июлда билдирди. "Уулумдун атын Нурмухаммед коёбуз. Айт күнү төрөлгөндүктөн, ыйык ат тандоону туура көргөм. Чындыгында, ушул атты койсом деп ниет кылган болчумун. Уулум 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Келинчегим экөөнүн тең абалы жакшы",- деди ал.
Топчубай Айтмаматовдун эки кызы бар.