Бишкекте 1945-жылы Япониянын Хиросима шаарындагы атомдук жардыруудан курман болгондорду эскеришет

6-августта Бишкекте 1945-жылы Япониянын Хиросима шаарындагы атомдук жардыруудан курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Адамды өнүктүрүүнүн кыргыз-япон борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-август – Хиросимада атомдук жардыруудан каза тапкандарды эскерүү күнү. Бул шаарда саат 08:15те “Тынчтык коңгуроосун” кагышат. Жыл сайын бүткүл дүйнө эли курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен бирге ак көгүчкөндөрдү учурушат.

Иш-чаранын алкагында Бишкектеги аталган борбордо 1000 турнаны кагаздан жасоо акциясы уюштурулат. Бул акция 23-июлдан 6-августка чейин өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан