31-июлда Бишкектеги Эркиндик бульварында орусиялык сүрөтчү Виктория Ломасконун “Сүрөт тартуу сабагы: көргөнүмдөй эмес, ой жүгүртүүм менен” аттуу көчө воркшобу (workshop) ачылат.
Мастер-класста Ломаско балдар абагындагылар үчүн атайын даярдалган “Сүрөт тартуу сабагы” аттуу долбоору тууралуу айтып берет. Анда катышуучулар сүрөт билими жокторго багытталган тапшырмаларды аткарышат.
Орусиялык сүрөтчү бири-биринен бөлүнгөн социалдык топтор жана Орусиянын азыркы чындыгын чагылдырган өзүнүн графикалык репортаждары менен таанымал.
Workshop (устакана) - тайпада иштөөнү өнүктүрүүнүн активдүү ыкмасы. Мында бирдиктүү иштешүү каралып, динамикалык билим алууга басым коюлат.