Ош. Июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулуп, колдонууга берилбеген 16 кабаттуу үйдүн айланасында түрдүү кептер айтылууда

2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад облусундагы жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына атайын көп кабаттуу үйлөр курулуп, колдонууга берилген болчу. 
Алардын катарында Ош шаарында биринчи жолу 16 кабаттуу үй курулган. Бирок ушул убакытка чейин колдонууга берилбеген үйдүн айланасында түрдүү кептер айтылууда. Анын ичинде көп кабаттуу үйдөн жарака кетип, комиссия тарабынан жараксыз деп табылганы да айтылды.
Көп кабаттуу үй тургузулган райондун тургуну Рахматилла Гүлжигитов"Бул үй жөнүндө ар ким ар кандай божомолдорду айтып жатат. Менин укканыма караганда, Июнь окуясындагыларга берилет. Үйдүн бүткөрүлгөнүнө 2-3 жыл болуп калды, бирок эч ким жашаган жок",- деди.
Ал эми ошол эле үйдүн жанында соода-сатык менен алектенген Жамиля Назарова "бул үй ипотека аркылуу берилет" деген кептер айтылганын кошумчалады. "Бул көп кабаттуу үйгө баарыбыз кызыкдарбыз. Үйдүн ичин кирип көрөлү десек прорабы киргизбей койгон. Ал ипотека аркылуу 3 бөлмөлүүсү 60 миң доллар, 2 бөлмөлүүсү 45 миң долларга берилерин айткан эле. Кээ бири "жарака кетиптир, ошол үчүн колдонууга берилбей жатыптыр" дешет. Бирок чоңдор тынбай келип-кетип турушат. Ошентсе да чечилбей келет",- деди ал.
Ош шаарынын курулуш боюнча вице-мэри Жапар Ормонов: "Бул мамлекеттик дирекция тарабынан курулган үй. Буга чейин курулган үйлөр толуктала элек. Биз ошол толукталбаган үйлөрдү жабыркагандар менен толуктап келе жатабыз. Ал үйгө азырынча кезек келе элек. Балким, жабыркагандардан артып калса, кийинчерээк комиссиянын чечими менен ипотека аркылуу да берип калышыбыз мүмкүн",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Мэри
2014-07-30 13:04:16
Сыртынан караганда жакшы үй салыныптыр, "жарака кетти" деген чын болбой калса экен... Бишкекте гана эмес, Кыргызстандын башка шаарларына да ушул сыяктуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулганы кубандырат, бирок сапаттуу болсо...
+5
Revolyutsioner
2014-07-30 14:20:27
Ким бироонун пайдасы учун берилбей турат да, болбосо уйго жетпеген кезектеги адам канча, жабырлануучулардын саны канча.. Уйдун курулушу эбак бутуп берилбегенине караганда мандем бар. же ошончо акча сарптап жашоого жараксыз там салышкан же ипотека аркылуу жен ичинен сатууну коздошуудо, айтор кандай болгон кундо да экоо тен мыйзамга жооп бербейт, дирекция жумшаган милиарддаган ошончо каражат менен жердин базар баасындагы акчасын казынага кайтарсын да анан уйду кааласа сата берсин...
+5
sema.
2014-07-30 15:06:20
janina baryp karasanar bir jaka oop tyrat.
0
Aylin.91kg
2014-07-30 16:16:37
Биринчи жабыркагандарга берсин, уй алалбагандар канча? Док.ти толук турса да ар кандай шылтоону айтат, анысы мейли акча сурагандары жанды кейитет... Биз да уйдун артынан чуркадык бир аз.. Болбогонунан Аллахым жаныбызды тынч койсо жер алып уй салабыз деп ниет кылып койдук.
0
Kurbanaliev
2014-07-30 19:50:28
бул домдун артынан карасан чалкалап турат
0
momuntay
2014-07-30 19:52:14
Биздин бир тууганыбыз 60мин долларга алды ушу жерден трех комн квартира.Жабыр тарткандарга ме деп эле берип койсо Кырг совсем щедрый болуп кетпейби. Жабыр тарткандар коп кайсы бирине берет эле
0
Aylin.91kg
2014-07-30 21:13:05
momuntay, Бул уйлор атайын жабыр тарткандар учун курулган..
0
ayakosya
2014-07-30 22:52:56
Сата бергиле кулап калса учунчу кучторду куноолоп койосунар.
+2
nargiz_96
2014-07-30 23:38:32
Куласа бакиевти кунолоп койушатта
+2
logist
2014-07-31 02:27:54
ооп турат бир жака
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан