Бишкек шаардык мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 350 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу 30-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында жайгашкан "Келечек" лагерине барышты. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетимдер жана жарым жетимдер үчүн эс алуу уюштурууга шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн. 10 күндүк лагерге 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар барышты. Көңүл ачуучу оюндарга бай лагерде 13 жол баштоочу жана 13 отряд жетекчи бар.