Саламаттыкты сактоо министрлигинин 30-июлда берген маалыматына караганда, Япония Кыргызстанда эне жана баланы коргоого каражат бөлүп берди.
Белгилүү болгондой, Япониянын өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) 2,5 миллион АКШ долларын грант катары бөлгөн. Ал каражат КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “Ден соолук” аталышындагы улуттук программанын алкагында саламаттыкты сактоо реформасын колдоого багытталат.
Бул өз учурунда эне жана баланын өлүмүнүн төмөндөшүнө түрткү болуп берет. Жакынкы үч жылдын ичинде Ысык-Көл, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы 70 миң кош бойлуу аял жана 270 миң бала медициналык тейлөө менен толугу менен камсыздалат.