Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жеке концертинде умра сапарына жолдомо ойнотту (фоторепортаж)

30-июлда Бишкектеги Спорт Ордосунда төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жеке концертин берди. Саат 19:00гө белгиленген концерт 19:40та башталды. Кечеде алып баруучулук милдетти куудул Абдылда Иманкулов аркалады. Жеңишбекти Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, ырчы Эмил Балтагулов, төкмө акын Аалы Туткучев жана шакирттери куттуктап келишти. Концертте умра сапарына жолдомо ойнотулуп, аны Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну Кубанычбек Жыргалов утуп алды.

Жеңишбек Жумакадыр төкмөлүк өнөрүн элге тартуулап, сатиралык ырларды да аткарды. Акындын чыгармачылыгын баалагандар залдын 70 пайызын ээлеп, дүркүрөтө кол чаап колдоп отурушту.

Атайын чакыруу менен Жалал-Абаддан келдим. Анткени көптөн бери Жеңишбек байке менен иштешип келем. Ал менин ыйман темасындагы көптөгөн ырларымдын автору. “Ичпечи, апа!” сыяктуу ырларымдын текстин жазып берген. Ага обон керек болсо, мага кайрылат. Башкача айтканда, бири-бирибиз менен тыгыз байланыштабыз. Учурдан пайдаланып, Жеңишбек байкеге ийгилик каалап кетет элем,- дейт Эмил Балтагулов.

“Концерт көрөйүн деп келгем, жолдун боюнан билет алып кирдим. Мен умра сапарына жолдомо ойнотуларын билген эмесмин. Бир гана концерт көрүп кетейин дегем. Мурда ажылык сапарына барып келгем, мында да ийгилик кушу мага жылмайды. Ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт жолдомо ээси Кубанычбек Жыргалов.

“Жеке өзүмдүн көз карашымда, концерт ойдогудай болду дегенден алысмын. Мындан да мыкты болсо болмок, анткени кемчиликтер байкалды. Эң биринчи максатым бир кишиге болсо да жакшылык кылуу, ажыга бара элек адам Меккеге барып сыйынып, жеңилдеп келсе деген ниетимди орундатуу эле. Демөөрчү таап, ошол оюм ишке ашып, концерт бир тең, умрага жолдомо берген бир тең болуп кубандырып жатат”,- дейт Жеңишбек Жумакадыр.

 

Жеңишбек Жумакадырдын концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mr.Ada
2014-07-31 02:09:43
Супер инфо ырларынан же концертинен видеосу барбы?
+3
admin_portal
2014-07-31 09:02:14
mr.Ada, Саламатсызбы!
Концерттен репортажды бүгүн "Медиа-портал" бөлүмүнөн көрө аласыз.
0
Aimeerimka
2014-07-31 03:33:55
Азаматсыз.Бар болунуз!
+1
insap
2014-08-01 17:51:56
Жеңишбектын жемиштүү консертинин жеңиштүү өткөнү жакшы болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан