Бүгүн, 1-августта Бишкектеги Улуттук китепканада “Азаттык деген алтын сөз” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн максаты - 1916-жылдагы Улуттук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларды өткөрүү боюнча коомдук демилгелерди ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу.
Көргөзмөнүн экспозицияларына китептер, гезиттик публикациялар, интервьюлар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул окуяга арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган. Иш-чарага Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Бактыбек Максүтов, Элдик курултайдын төрагасы Баяс Турал, чыгармачыл инсандар катышышты.
“Мен Үркүндөн кийин туулсам дагы, эс тарткандан бери 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышканымдай сезиле берет. Анткени чоң апам жана атам ушул каргашалуу көтөрүлүшкө катышкан. Кыргыз эли улуттук ар-намыс, эркиндик үчүн үрккөн. Мен ойлойм Үркүндүн 100 жылдыгына карата дүйнөлүк деңгээлдеги эстелик тургузуш керек”,- дейт Бексултан Жакиев.
1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш дүйнө тарыхынын эң эле трагедиялуу барактарынан. Анын кайгылуу жактары жана эбегейсиз кан төгүлүшү кыргыз жана жалпы эле Орто Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис окуя болуп саналат.
Орусиялык падышалык саясат боюнча жарактуу жерлердин баары тартылып алынган соң, кыргыздын бөлүгү тоо тарапка толугу менен сүрүлө баштайт. Кыргыздардын тамырын кесип, жер-сууну келгин орустарга бошотуп берүү үчүн ар кандай саясаттар колдонулган. Анын бири 1916-жылы 25-июлда орус падышасынын Чыгыш, Сибирь, Түркстан жана Казакстанда жашаган 19дан 45 жашка чейинки жергиликтүү эр-азаматтар толугу менен кан майдандын кара жумушуна милдеттүү түрдө алынсын деген буйругу болду. Эзүүчүлөрдүн жүргүзгөн саясатына каршы кыргыз эли көтөрүлүшкө чыккан. Теңдешсиз таймашта Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергесиндеги кыргыздардын 40 пайызы кыргынга учурап, 170 миңдей адамдын аёосуз курмандыкка чалынышы менен аяктаган.