КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Жалал-Абад облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык музейдин толук кандуу оңдоп-түзөө иштерине 6 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 1-августта билдиришти.
Белгилей кетсек, 18-19-июлда КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Токтогул районуна иш сапары менен барганда музейдин оңдоп-түзөө иштерин тездетиш керектиги боюнча тапшырма берген.