Ырчы KG Эльмуратты жубайы Жайнагүл 31-июлда кырк жылкылуу кылып, 2 килограмм 800 грамм салмакта тун кызын жарыкка алып келди. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына билдирди.
“Жубайымдын толготуп түйшүк тартканын көрүп, мечитке барып дуба кылып жаттым. Толгоосу узакка созулуп, түш оогондо көз жарды. Азыр кызым менен жубайымдын ден соолугу жакшы. Эртең үйгө келишет. Ата бактысына ээ болуп, сүйүнүп жатканымды сөз менен жеткире албай турам”,- дейт KG Эльмурат.