Латвия, Литва, Эстония жана Борбор Азия мамлекеттеринин “Киношок” 23-фестивалынын башкы сынагына кыргыз режиссёру Марат Сарулунун “Көч” аттуу тасмасы кабыл алынды. Бул тууралуу КРнын Кинематография департаменти билдирди.
“Киношок” фестивалы 21-30-сентябрга чейин Орусиянын Анапа шаарында өткөрүлөт.
Эске салсак, режиссёрдун бул тасмасы октябрь айында Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөрүлчү дүйнөлүк кинофестивалында тартууланат.