Август айында дизелдин жана мунайдын АИ-80ден башка үлгүлөрү дагы кымбатташы мүмкүн

Август айында социалдык мааниге ээ болгон күйүүчү майдын (АИ-80, дизель) баалары мурдагы бойдон сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, мунайдын калган үлгүлөрүнүн бааларынын акырындык менен 3-7 пайызга өсүүсү күтүлөт. "Күздүн келиши менен Орусиядагы сатуу баалары турукташып, айрым адистердин божомолдоруна ылайык, сентябрь-октябрь айларында күйүүчү майга болгон керектөөлөр адаттагыдай төмөндөп, баалардын арзандоосу күтүлөт",- деди ал.
"Жылдын 7 айынын аралыгында баалардын кескин өсүүсүнө Орусиядагы "Ачин" нефть өндүрүүчү ишканасындагы авариялык токтотуу себеп болгон. Кыргызстанга мунай продукт аталган ишканадан ташылбаса да, июнь айында болгон кырсыктан кийин орусиялык ички рынок 600 миң тонна күйүүчү майга азайган",- деп толуктады М.Керимкулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан