Палестинанын Газа тилкесинен 4 кыргыз жараны чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Палестинанын Газа тилкесинен Кыргызстандын төрт жараны Египетке чыгарылган. Тактап айтканда, Ольга Багдади аттуу Кыргызстандын жараны палестиналык жаранга турмушка чыккан, кийин анын 3 баласы да кыргыз жарандыгын алышып, Газа тилкесинде жашап келишкен. Учурда О.Багдади 3 баласы жана палестиналык күйөөсү өз каалоолору менен Египетте баш калкалап жатышканы маалым болду.
Эске салсак, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда. БУУнун маалыматы боюнча, Газа тилкесинде каза тапкандардын көбү карапайым жарандар. Жаңжал израилдик 3 өспүрүмдүн уурдалышынан кийин чыңалган. Учурда 1300гө жакын палестиналык жана 50дөн ашык Израиль жараны набыт болгону айтылууда.