Кыргыз улуттук драма театрынын директорлугуна Темирлан Сманбеков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, аталган театрдын мурунку директору, КРнын Эл артисти Марат Алышпаев улгайып калгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен бул кызматтан кетип, сахна боюнча жетектөөчү адис кызматына которулган. Ал эми 1-августтан баштап жаңы директор өз кызматын аркалоого киришкен.
КРнын Эл артисти Темирлан Сманбеков буга чейин Мамлекеттик куурчак театрынын директору болчу. Бул кызматка учурда КРнын Эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаев дайындалды.