Баткенде турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жана улгайган жалгыз бой карыяларга акчалай жардам берилди

Баткенде турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жана улгайган жалгыз бой карыяларга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу 4-августта Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эрмамат уулу Алмазбек билдирди.
Колдоо көрсөтүү демилгеси «Бабушка-Эдопшн» кайрымдуулук фонду тарабынан иш жүзүнө ашырылган. Кайрымдуулук фонддун Баткендеги өкүлчүлүгү тарабынан аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө жана улгайган жалгыз бой карыяларга ай сайын берилип келген каражат таратылды. Июль жана август айы үчүн 1400 сомдон каражат тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан