Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин мугалимдери учурда Ысык-Көлдүн аймагында эс алууда. 42 мугалимдин эс алуусуна көмөк катарында Ош шаарынын мэринин резервдик фондунан 100 миң сом акча каражаты бөлүндү.
Барган мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кесиптик кошуунунун төрагасы Абдыкалык Балтабаевдин жетекчилиги астында эс алышууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.