Биометрикалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерди германиялык “Гизеке энд Девриент” компаниясы утуп алды

Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча тендерди Германиянын “Гезике энд Девриент” (“Giesecke & Devrient”) компаниясы жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта маалымат жыйынында КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди.

Анын айтымында, аталган компания билдирүүсүндө өз кызматын 3 миллион 881 миң АКШ долларына баалаган. “Биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча эки кадамдуу тендерге 14 компания катышкан. 2-турга 7 компания өтүп, Германиянын “Гезике энд Девриент” компаниясы жеңүүчү болуп чыккан”,- деди ал.

Мындан тышкары Б.Секимов жеңүүчү компания бардык жабдууларды ушул жылдын октябрь айына чейин алып келерин баса белгиледи.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан баштап таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан