15-августта Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде өткөрүлүүчү концертке “Город 312” жана украиналык “Quest Pistols” топтору катышат. Бул иш-чарага белгилүү журналист Ксения Собчак келип, ал алып баруучулук милдетти аркалайт.
Чолпон-Ата шаарында уюштурулуп жаткан кече мындан тышкары жергиликтүү жана казакстандык эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтөрүн билдиришет уюштуруучулар.