Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында даярдык башталды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында даярдык башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Топчубай Досбаев билдирди.

Анын айтымында, жылда Эгемендүүлүк күнүнө карата аткарылып келген сценарий бул жылы колдонулбайт. Бирок жылдагыдай эле 1-курска өткөн бюджеттик окуу бөлүмдөрүнүн студенттери катышат. 

“Эгемендүүлүккө карата даярдыктар башталды. Мэриянын атайын токтомуна ылайык, жылдагыдан өзгөчөлөнүп эки этап менен өтөт. Биринчи этабы эртең менен борбордук аянтта болсо, экинчи бөлүгү борбордук Сүйүнбаев атындагы стадиондо республикалык деңгээлде концерттик программа менен коштолот",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayakosya
2014-08-05 14:52:30
Бюджетниктерге качан болсо огой баладай мамиле кыласынар 40 градус ысыкта аяка чуркатып быяка чуркатып эшектей эле кыйнайсынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан