Бүгүн, 5-августта Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында отурум болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ага КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу инспекторунун иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эмилбек Бусурманкулов жана КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева катышып, жаңыдан мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Салайдин Авазовду тааныштырды.
Буга чейин Салайдин Авазов "Жалал-Абад электр" ААКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, шаар мэри Мухтар Арапбаев өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.