Украиналык 3 жаран качкын катары Кыргызстанга баш паанек издеп келишти

Украиналык 3 жаран качкын катары Кыргызстанга баш паанек издеп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен бүгүн, 5-августта билдиришти.

Маалыматка ылайык, Украинанын 3 жараны Луганск облусундагы окуялардан улам Кыргызстанга баш калкалоо үчүн келишкен. Аларды Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлү тосуп алды. Кийин аларга тиешелүү документтер берилген.

Эске салсак, учурда Кыргызстанда ар кайсы мамлекеттен келген 155 качкын баш калкалашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dadin1
2014-08-05 12:11:01
Булар укроптор болуп журбосун,Правый сектордун адамдары украинага еле айдаш керек буларды.Кыргызстанда да бир балээ чыгарып журушпосун.УКМК,МВД Жакшылап текшерип россияга запрос берип булардын ким-кандай адамдар экендигин аныктап,таза болсо гана баш паанек бергиле.
+10
infiniti
2014-08-05 12:12:40
Жардам беруу керек. Мумкунчулук бар кезде.
-1
Alai.kyzy
2014-08-05 14:15:02
infiniti, кайдагы мумкунчулук? Биз озубузду эптеп алайлычы. Кулкум келет даа. Биздикилер бироого жакшы корунгусу келе беришет. Ошол жакшылыгы бизге кыйынчылык алып келбесе болгону!!!
0
nargiz_96
2014-08-05 12:15:18
жашай берсиндер биз кыргыздар озубузго болсо болду ошону жакшы коробуз озубуз орусияны жаранын алып журобузго орустар эч нерсе деген жок ичи тарбы же кыргызды
-2
Alai.kyzy
2014-08-05 14:17:13
nargiz_96, жарандыкты бекер алдынарбы? Россия жарандык жон бербейт. Озунун элинин саны кобойсун деген ниетте гана! Дагы ичи тар деп коесун да! Причем здесь ичи тарлык???
0
barsa1984
2014-08-05 12:20:20
өткөндө орус телеканалдардын биринен ошол Луганскиден бир жаш эле аял интервью берди:"20 жыл мурда Кыргызстанда да ушундай окуя болгондо качып келгенбиз,кайра кетели десек ал жерде дагы эле согуш болуп атыптыр..."деп. Биздин жерге келгендерди тыкыр текшерип анан качкын статусун бериш керек...болбосо булар да эртең мекенине барып алып кайра бизди шыбап жүрбөсүн....
-2
Lintel
2014-08-05 12:21:17
Жакшылап текшерип коруш керек. Бизге келип тынчтыгыбызга зыяны тийип журбосун.
+1
talant87
2014-08-05 13:04:14
Биринчи чондорду текшериш керек алар озуно иштейт качкынданда жаман
0
Light
2014-08-05 13:55:12
баш паанек деген убежище болуп калабы ошондо?
качкын макамы дегенчи?
0
gulperi.kg
2014-08-05 21:19:41
Украинада ото коркунучтуу болуп атат жаны коруп мен кино коргондой эле болуп ишенбей реальда болгонуна журок ооруйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан