25-29-сентябрда мамлекеттик Москва маданият мекемеси жыл сайын өткөрүп келген “Достордун киносу” Эл аралык фестивалын уюштурууну пландоодо. Аталган фестивалга кыргызстандык кинематографисттер чакырылышты. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришти.
Маалым болгондой, фестивалдын уюштуруучулары режиссёр Эркин Салиеванын “Ханбийке Назик” фильмин тандап алышкан.
2012-жылы тартылган фильмде Айдай аттуу кыз чыныгы күнүмдүк катаал турмуштан качып, кыялында өзүн жомоктогу Назик ханбийке деп элестетип жүрөт. Бул тасма 2013-жылы “Ак илбирс” Улуттук
киносыйлыгында бир канча наамдарды жеңген.