Жыл башынан бери Бишкек шаарында 70тен ашуун баш аламан таштанды таштоочу жерлер пайда болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, бир эле баш аламан таштанды ташталган жерди тазалоо үчүн 10 миң сомдон 20 миң сомго чейинки каражат сарпталат. Ошондой эле мындай жерлердин күндөн-күнгө өсүп жатканы айтылат. Албетте, мындай маселелерди коомчулук менен биргеликте чечүү зарыл. Бул максатта шаар бийлиги жарандык активисттер менен чогуу акция өткөзүшүп, таштанды ташталган аймактарга “Таштанды таштаба!” деп жазылган темир такталарды орнотушту. Шаар тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.