Бишкектин Токтогул көчөсүндө жолду оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Москва көчөсүнүн Совет көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейинки бөлүгүндө жол кыймылы убактылуу эки тараптуу жүргүзүлөт. Маалыматты бүгүн, 5-августта мэриянын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады. Мындай чара Киев жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө жол кыймылын жеңилдетүү максатында көрүлүп жатат. Ал эми оңдоо иштери кайсы убакытка чейин улана турганы азырынча белгисиз.