Көптөгөн кыргыз тасмаларынын көркүн ачып келген актёр Мирлан Абдулаев бойдокчулук менен кош айтышты. Ал Назик аттуу кызга баш кошуп, борбор калаада үйлөнүү тоюн берди. Бул тууралуу эки жаштын кубанычына ортоктош болгон Мирландын досу, актёр Адил Кайыпов бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына билдирди.
“Мирландын тою эң кооз тойлордун бири болду десем болот. Бири-бирине төп келишкен эки жаш сүйлөшүп баш кошушту. Тойго Мирбек Атабеков, “Дем” театры жана көптөгөн шоу чөйрөнүн өкүлдөрү күбө болушту”,- дейт Адил Кайыпов.
Белгилей кетсек, Мирлан Абдулаев "Уурунун махабаты", "Аят", "Аят-2", "Уул", "Таанышуу" жана башка көптөгөн көркөм фильмдерде жана ырчы Аскат Мусабековдун "Аруузатым" аттуу ырынын клибинде образ жараткан.