Орозо айында келип түшкөн арыздардын негизинде битир-садагаларды 5-августтан тартып өз даректерине жеткирүү иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, битир-садага алгач "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр" коомунун Бишкектеги №1-окуу өндүрүш ишканасына, Октябрь районундагы "Аль-Бухари" атындагы мектеп жашындагы жетим эркек балдар үйүнө, "Бишкектин майып куруучулары" коомдук фондуна жана Сокулук районундагы Чүй облустук “Жаш майыптар” коомуна берилди.
Битир-садагалар 5 күн аралыгында таратылып берилмекчи. Ал эми жыйналган битир-садаганын 50 пайызы айыл мечиттеринде калтырылса, 10 пайызы райондук мечиттерде, 10 пайызы казыятка, 30 пайызы 5-сентябрга чейин муфтиятка өткөрүлүп берилет. Канча акча топтолгону 20-августтан кийин белгилүү болору айтылды.