Жаңы окуу жылында мектеп окуучулары жана аларды окуткан агай-эжейлерди бирдиктүү формага өткөрүү Республикалык билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилген болчу. Ал форманын баасы ата-энелердин капчыгына туура келерин, кийимге болгон атаандаштык жоголорун Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов айтып өттү.
"Бирдиктүү форманы ата-энелер күтүп жүрүшкөн. Анткени окуучулар арасында билимге болгон атаандашууга караганда, кийимге болгон атаандаштык күч алган. Бай-кедей болуп бөлүнүп калган учурлары да жок эмес. Анын үстүнө кээ бир окуучулар мугалимдерге караганда кийген кийими, тагынган кымбат баалуу буюмдары менен айырмаланып калышууда. Андыктан бирдиктүү форма окуучуларга да, мугалимдерге да жакшы. Ата-энелер үчүн да ыңгайлуу. Баасы да капчыкка ылайыктуу",- деди өз сөзүндө Кимсанов. Баасы орто эсеп менен 1500дөн 2000 сомго чейин деп болжолдонууда.