Ош шаарындагы "Раббами" мечитине 11-июль күнү жума намазга чолок шым кийип барган Жыргал Абдимомун уулу токмоктолгондон кийин ооруканадан көк боорунан ажырады. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Жыргал Абдимомун уулу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ошол күнү мечиттен Бекдөөлөт аттуу жаран чолок шымдын айынан уруш чыгарып, Жыргалды дааратканага алып барып токмоктоп салган. Анын кесепетинен ооруканага түшүп, ага операция жасалып, көк боорунан айрылды.
“Кеткен чыгымды Бекдөөлөт төлөмөй болгон. Канчасын төлөгөнүн агам билет. Мен төшөктө жатып калып, агам чуркап жүргөн болчу”,- деди ал.