Бишкекте Япониянын Хиросима шаарындагы атомдук жардыруудан курман болгондорго арналган көргөзмө ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 6-августта Бишкектеги Адамды өнүктүрүүнүн кыргыз-япон борборунда 1945-жылы Япониянын Хиросима шаарындагы атомдук жардыруудан курман болгондорго арналган “Тынчтык күнү” аталышында көргөзмө ачылды.

“Бул иш-чараны атомдук жардыруучу куралдарды жок кылмайынча бизге жана балдарыбызга канчалык деңгээлде коркунуч бар экенин тематикалык бурчтар аркылуу маалымат берүү максатында уюштурдук”,-деп билдиришет уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, 6-август - Хиросимада атомдук жардыруудан каза тапкандарды эскерүү күнү. Аталган шаарда бул күнү саат 08:15те “Тынчтык коңгуроосу” кагылат. Бүткүл дүйнө эли жыл сайын курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен бирге ак көгүчкөндөрдү учурушат.

1945-жылдын 6-августунда 2 жаштагы Садако аттуу кыз атомдук жардырууда нурданууга кабылган. Анын оорусу 6-класста окуп жатканда гана билинип, кызга кандын рагы диагнозу коюлат. Бир күнү ооруканада дарыланып жатканда ага эгер кагаздан 1000 каркыра жасаса айыгары жазылган кат келет. Ошол күндөн тартып кайрадан чуркап ойногусу келген секелек кыз кичинекей каркыраларды жасай баштаган. Бирок, тилекке каршы, 9 ай оор дарт менен күрөшүп, 1955-жылы 25-октябрда Садако көз жумат. Ушундан улам 6-августта Хиросиманын мемориалдык паркына тилектеш белгиси катары кагаздан жасалган каркыралар миңдеп келип түшөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kursantbek
2014-08-06 14:05:51
эх согуш тарых !!!!
0
aida2013
2014-08-06 15:25:41
баарынан да кыздын тагдыры окунучтуу аяктаптыр.............
0
LISICHKA
2014-08-06 15:58:34
карагылачы,ушунча жылдан бери кандай гана онуккон, жардыруудан кийин бардыгын нолдон бащташкан.А биздин мамлекет кайрадан артка кетип бара жатат.Мындай онугууну биз тушубуздо гана корсок керек.
0
LISICHKA
2014-08-06 16:01:49
Ушул суротторду коруп биздин чондор уялса болот.Бул коргозмо эмне максат менен ачылды,буга дагы миллиондогон акча кеткендир,кимдир бироолордун чонтоктору тултуйгандыр.
0
Dadin1
2014-08-07 12:07:18
Американын колунан жакшылык келбейт! Америкада жергиликтуу калк Индеецтерди кыргандай кылып азыр Орто Азияны да кырып салгысы келип жатат булардын жургузгон политикасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан