Бишкектеги карылар үйүндө эки аксакал ачкачылыкты токтотуп, өз бөлмөлөрүндө жашап жатышат

Бишкектеги №72-карылар үйүндө жашаган Алтымыш Курманалиев менен Кален Төрөгелдиев аттуу аксакалдар ачкачылык жарыялоону токтотушкан. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева билдирди.

Айтымында, 24-июлда ачкачылык жарыялаган аксакалдар өз бөлмөлөрүндө тамак ичип, мурдагыдай эле жашоолорун улантып жатышат.

Курманалиев менен Төрөгелдиев бир-эки күндөн кийин эле акциясын токтотушкан. Учурда карылар үйүнүн башка жашоочулары сыяктуу өз бөлмөлөрүндө жакшынакай, ынтымактуу жашап жатышат. Бүгүн муфтияттан аларга битир-садаганын эсебинен 500 сомдон акчалай жардам берилди",- деди Абдылдаева.

Мекеме жетекчиси битир-садага 500 сомдон карылар үйүнүн 20 жашоочусуна берилгенин кошумчалады.  

Эскерте кетсек, Алтымыш Курманалиев менен Кален Төрөгелдиев мекеме жетекчиси Абдылдаева бизди куугунтуктап, басынтып жатат жана намазкананын ачкычын эки жылдан бери бербей келүүдө” деп ачкачылык жарыялашкан болчу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
LISICHKA
2014-08-06 16:36:25
500 сом азыр акчабы,ал эмнеге жетет,жаш баланы алдагандай алдап коюшуптур да,20 кишиге берсе,калганы жалдырап калыптыр да байкуштар.
+5
Alicia
2014-08-07 01:12:18
Chyn ele kalgandaryna emneuchun berishken jok?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан