Ажылык сапарга зыяратчылар 8-сентябрдан баштап жөнөп кетишет

Ажылык сапарга барчу зыяратчылардын биринчи бөлүгү 8-сентябрдан баштап аттанышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз жетекчиси Асан Саипов билдирди.  

Айтымында, учурда ажылык сапарга бара тургандарды эмдөө иштери улантылууда.

Ажылыкка барууга жалпы 3680 адам каттоодон өткөн. Алардын сапарга чыгуусу 8-сентябрда башталып, 24-сентябрга чейин уланат. Катталгандар 10-августка чейин эмдөөдөн өтүшөт”,- деди Саипов.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан