Эс алуу, маданият, спорт жана дин тармактарына 2015-жылга бюджеттен 2,2 миллиард сом бөлүнөрү болжолдонууда

2015-жылга эс алуу, маданият, спорт жана дин тармагына бюджеттен 2 миллиард 208,8 миллион сом каралды. Бул тууралуу 6-августта “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2015-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоодо КРнын Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Канат Асангулов билдирди.
Аталган долбоорго ылайык, 2015-жылга маданият тармагына 756,7 миллион сом, эс алуу жана спорт тармагына 522,7 миллион сом, ал эми дин тармагына 9,7 миллион сом бөлүү пландалууда.
К.Асангуловдун айтымында, кийинки жылга болгон чыгашалардын көлөмү 76,3 миллион сомго жогорулатылды. "КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана тиешелүү кызматтардын  кызматкерлеринин маяналарынын жогорулатылышы, 2016-жылы Бразилияда өтүүчү Олимпиада оюндарына даярданышы буга негизги себептер болууда. Мындан тышкары КРнын Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын имаратынын ижарасын төлөөсү бюджеттик чыгашалардын жогорулатылышына себеп болуп саналат",- деп түшүндүрдү ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан