1500дөн ашуун жеке ветеринарлар бир ассоциацияга бириктирилет

1500дөн ашуун жеке ветеринарлар бир ассоциацияга бириктирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.

Республикадагы 1500дөн ашуун жеке ветеринарлар ветеринардык тармакты бирдиктүү бир бүтүнгө айлантуу боюнча Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясына өтүнүч менен кайрылышкан. Мунун негизинде аталган мекеменин колдоосу менен ветеринарлардын ассоциациясы түзүлгөнү жатат. Мындай демилге мурда чоң аймактагы мал арасында инфекциялык оорулар чыккан кырдаал жаралганда ким кандай, кантип дарылаганы көзөмөлгө алынбай келген болсо, эми андай көзөмөлдү ветеринардык ассоциация ишке ашыра тургандыгы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан