Министр: “Кыргызстанда 155 миң майыптын 26 миңи жашы жете элек балдар”

Кыргызстанда 155 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаран бар, алардын 26 миңи жашы жете элек балдар. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү майып балдарын өз ата-энелерине калтырып коюшат. “Аларга социалдык кепилдиктер берилүүдө. Республика боюнча 115 үй-бүлөгө жөлөк пул төлөөгө 2014-жылга 2,9 миллиард сом бөлүнгөн”,- деди ал.

Мындан тышкары Кыргызстандагы балдар үчүн эки психоневрологиялык интернатта (Беловодск жана Жалал-Абад шаарында) 2014-жылдын 1-январынан тарта баланын бир күндүк тамак-ашына 65 сомдон 110 сомго чейин көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан