Кыргызстан 1991-жылы көз карандысыздыгын алгандан бери өлкөдөн 909 692 адам чет өлкөлөргө кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта тегерек столдун жүрүшүндө өз баяндамасында адис Татьяна Архипова билдирди.
Анын айтымында, 653 465 кыргызстандык жаран Орусияга кеткен. Өзбекстанга 52 482 адам, Казакстанга 84 931 адам, мурунку Советтер Союзундагы мамлекеттерге 22 210 адам жана алыскы чет өлкөлөргө 96 604 адам жөнөгөн.
“Айта кетсем, бул көрсөткүчтөр КРнын Улуттук статистикалык комитетинин архивинен алынган. Ошондуктан бул расмий сандар болуп саналат. Бирок расмий эмес көрсөткүчтөр мындан да көп болушу мүмкүн”,- деди адис.